Бишкекте эл аралык Expo өнөр жай көргөзмөлөрү ачылды – 200дөн ашык компания катышып жатат

Бишкекте эл аралык Expo өнөр жай көргөзмөлөрү ачылды – 200дөн ашык компания катышып жатат

Бишкекте 200дөн ашык компаниянын катышуусунда «Expo-Russia Kyrgyzstan 2022» жана «Expo Eurasia 2022» биринчи эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү ачылды. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул эки көргөзмөнүн максаты – ата мекендик бизнести колдоо, биргелешкен ишканаларды түзүү жана инвестиция тартуу.

Көргөзмөдө 15 кыргызстандык жана 50дөн ашык россиялык компания өз продукцияларын жана кызматтарын көрсөтүштү. Франциядан, Албаниядан, Канададан жана башка өлкөлөрдөн келген дагы 200 ишкана бизнес байланыштарды, анын ичинде онлайн-байланыш түзүү үчүн конок катары катышат.

Көргөзмөлөрдүн ачылышында КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев Кыргызстан бир кезде күчтүү индустриалдык өлкө болгондугун, бирок 90-жылдары өлкө таптакыр өнөр жайсыз калганын белгиледи. “Бүгүн өнөр жайга болгон мамилени өзгөртүүгө басым жасалган алгачкы көргөзмө”, – деп кошумчалады ал.

Иш-чара Бишкекте 23-июнга чейин уланып, анда бир катар келишимдер жана макулдашуулар түзүлүп, 24-июнда Ысык-Көлдө туризм тармагы боюнча талкуу менен жыйынтыкталат.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары