Эгерде казино боюнча мыйзам колдоодон өтсө, алар биринчи кезекте Ысык-Көлдө, анан Бишкекте ачылат – Акылбек Жапаров

Эгерде казино боюнча мыйзам колдоодон өтсө, алар биринчи кезекте Ысык-Көлдө, анан Бишкекте ачылат – Акылбек Жапаров

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар кумар оюндарына байланыштуу мыйзам долбоорун талкуулап жатышат. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров бул мыйзамдын колдоого активдүү чакырып жатат.

“Республика боюнча канча кумаркана ачабыз деп жатасыздар жана кайсы жерлерде?” – деп сурады депутат Алишер Эрбаев.

“Эгерде мыйзамды кабыл алып берсеңиздер, анда кайсы жерде ыңгайлуу болсо, ошол жерлерде ачабыз деп жатабыз. Мыйзамга 20дан ашык номери бар мейманкана болсун, 100 орундан кем эмес ресторан болсун деген талапты жазып койдуңуздар. Сиздер киргизген чектөөлөр менен, биз Кыргызстандын кайсы жеринде ылайыктуу болсо, ошол жерде ачабыз. Убагында чек араларда да ачылган эле.

Эгерде бул мыйзамды колдоп берсеңер, анда быйыл биринчи Көлдө, анан Бишкекте ачылат», – деди Акылбек Жапаров.

“Алып келинүүчү оюн аппараттары салыктардан бошотулабы?” деген суроого Жапаров бардык казинолук жабдуулар, аппараттар үчүн салык төлөнөрүн айтты. Эгерде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келсе, анда КНС гана, башка өлкөлөрдөн алынып келсе, анда бажы алымдары да төлөнөрүн айтып кошумчалады.

Ошондой эле чет өлкөлүк кумарчыларга акча тарабынан эч кандай чектөө болбойт имиш. Кыргызстанга каалаганча каражат, акча түрүндөбү, алтын түрүндөбү, алып кире алат. Көзөмөл санарип технологиялары аркылуу жүрмөкчү.

“Биз алдын ала эсептелген салык киргизебиз: ар бир столго 750 миң сомго чейин, бир оюн автоматына – 50 миң сомго чейин ай башында салык төлөнөт. Ставка кабыл алуучу бир пунктка 200 миң сомго чейин (салык) киргизип жатабыз”, – деди минкаб башчысы.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары