Индия Кыргызстандагы өнүктүрүү долбоорлоруна 1.5 млн доллардык гранттарды берүүгө даяр

Индия Кыргызстандагы өнүктүрүү долбоорлоруна 1.5 млн доллардык гранттарды берүүгө даяр

Индия өкмөтү Кыргызстанга тез натыйжа берүүчү жана социалдык өнүгүү долбоорлоруна 1.5 млн доллардык (126.3 млн сомго чейин) гранттарды бөлүүгө даяр. Тиешелүү келишимди ратификациялоо маселеси бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан каралды, деп билдирди парламенттин басма сөз кызматы.

Жыйында аталган маселе боюнча баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов белгилегендей, Меморандум жергиликтүү органдар, өкмөттөр аралык мекемелер же өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу ишке ашырыла турган өнүктүрүү жаатындагы анча чоң эмес, бирок натыйжалуу демилгелерди каржылоо үчүн тиешелүү механизмди түзүүгө багытталат.

Меморандумга ылайык, Индия Өкмөтү социалдык-экономикалык өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу жана жашоого каржы булактарын камсыздоого жардам берүү үчүн 126.29 млн сомдон ашпаган сумманы гранттык негизде берет.

«Ар бир долбоорго болжол менен 1.5 млн АКШ доллары бөлүнөт, жылына 5-6 долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Буга чейин Индиянын элчилигине гранттык жардам көрсөтүү боюнча арыз түшө баштады», – деди Ч.Сейитов.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар арыздарды тандоонун негизги критерийлерине кызыгышты. Депутат Дастан Бекешев каражат толугу менен гранттык негизде бөлүнүп жатканын белгилеп, мыйзам долбоорун колдоду.

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 11-октябрында кол Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатында КР Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү боюнча Меморандумуна кол коюлган.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары