Коммерциялык банктарга пайызсыз кредиттер үчүн 613 млн сом бөлүнгөн – анын 391 млн сому гана өздөштүрүлгөн

Коммерциялык банктарга пайызсыз кредиттер үчүн 613 млн сом бөлүнгөн – анын 391 млн сому гана өздөштүрүлгөн

Финансы министрлиги коммерциялык банктарга быйылкы жылдын 10-июнуна карата 613 млн сом которгон, банктар анын 391 млн сомун гана кредиттерге берген. Бул тууралуу “Микро, чакан жана орто ишканаларды тез арада колдоо” долбоорунун алкагында өткөн тегерек столдо белгилүү болду.

Коммерциялык банктар жүгүртүү капиталы, эмгек акысы, жеткирүүчүлөрдүн эсеп-фактуралары, ижара акысы, коммуналдык кызматтар жана интернет сыяктуу чыгымдар үчүн кредиттерди беришет. Каражаттар 18 айлык мөөнөткө эки категорияда берилет:

  • 1-категория – 2018-жылдын 1-июлунан тартып 8 айдан кем эмес иштеген жана жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган жеке ишкерлер. 250 миң сомго чейин насыялар берилет.
  • 2-категория – биринчи категориядагы жеке ишкерлер, жылдык жүгүртүүсү 30 млн сомдон ашпаган юридикалык жактар. 1 млн сомго чейин насыялар берилет.

Берилген маалымат боюнча, «Кайра төлөнүүчү финансылык жардам» долбоорунун биринчи компонентинин жыйынтыгы боюнча:

  • Айыл Банк – 106 млн сом которулган. 74.4 млн сомго кредиттер берилген.
  • Керемет Банк – 102 млн сом которулган. 66.5 млн сомго кредиттер берилген.
  • РСК Банк – 60 млн сом которулган. 8.7 млн сомго кредиттер берилген.
  • Кыргызстан – 15 млн сом которулган. 15 млн сомго кредиттер берилген.
  • Капитал Банк – 90 млн сом которулган. 72.7 млн сомго кредиттер берилген.
  • Азия банкы – 30 млн сом которулган. 26.2 млн сомго кредиттер берилген.
  • Халык Банк – 35 млн сом которулган. 23.7 млн сомго кредиттер берилген.
  • ФинансКредитБанк – 25 млн сом которулган. 19.2 млн сомго кредиттер берилди.
  • Дос-Кредобанк — 115 млн сом которулган. 67.1 млн сомго кредиттер берилген.
  • Кыргызкоммерцбанк – 15 млн сом которулган. 12.2 млн сомго кредиттер берилген.
  • Бакай Банк – 20 млн сом которулган. 4.9 млн сомго кредиттер берилген.

10-июнга карата насыя алган ишкерлердин саны 1164 адамды түзөт. Анын ичинен 1016 адам 250 миң сомго чейин, 148 адам 1 млн сомго чейин насыя алышкан.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары