Кыргызстан – дээрлик он миңдеген мөңгүнүн мекени. Акыркы 20 жылдын ичинде алар кайра калыбына келбегидей эригенине күбө болуудабыз – Садыр Жапаров

Кыргызстан – дээрлик он миңдеген мөңгүнүн мекени. Акыркы 20 жылдын ичинде алар кайра калыбына келбегидей эригенине күбө болуудабыз – Садыр Жапаров

“Мөңгүлөрдүн эриши менен табигый суу запасынын азайышы орду толгус кырсыкка алып келиши мүмкүн”, – деп билдирди президент Садыр Жапаров The Independent британ басылмасына берген эксклюзивдүү маегинде. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы жазат.

Мамлекет башчысы өзүнүн интервьюсунда климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу мамлекеттердин элдерине тийгизген катуу таасири көп учурларда көз жаздымда калып жатканын айтты.

“Бул өзгөчө тоолуу өлкөлөргө тиешелүү, анткени бул көйгөйлөр тоолуу аймактар үчүн кыйла динамикалуу жана спецификалык мүнөзгө ээ: мөңгүлөрдүн эриши менен табигый суу запасынын азайышы орду толгус кырсыкка алып келиши мүмкүн.

Мына ошондуктан эл аралык коомчулук климаттын өзгөрүшүнөн улам катуу жапа чеккен өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөрдүн муктаждыктарына өзгөчө көңүл бурушу зарыл жана климаттын өзгөрүшүнө каршы чара көрүүдө «климаттык адилеттүүлүк» концепциясынын маанилүүлүгүн эске алуусу кажет.

Кыргызстан – дээрлик он миңдеген мөңгүнүн мекени. Акыркы жыйырма жылдын ичинде биз суу ресурстарынын акырындык менен азайышына алып келген кылым карыткан мөңгүлөрдүн кайра калыбына келбегидей эригенине күбө болуудабыз», – деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Эскерте кетсек, окумуштуулар глобалдык ысуунун айынан 2050-2075-жылдарга чейин Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн 70%ы эрип жок болушу мүмкүн экенин айтышкан.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары