Кыргызстандык 15 спортчу Эл аралык Олимпиада комитетинен айына 500 доллардык стипендия алат

Кыргызстандык 15 спортчу Эл аралык Олимпиада комитетинен айына 500 доллардык стипендия алат

Олимпиадалык спорт түрлөрүнө катышкан 15 алдыңкы кыргызстандык спортчу Эл аралык Олимпиада комитетинен ай сайын стипендия алмакчы. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети билдирди.

КР УОКтун маалыматы боюнча, стипендия 2022-жылдын 1-майынан 2024-жылдын 31-августуна чейин төлөнөт. Спортчулар айына 500 доллардан алышат.

«Быйыл КР УОКтун аракети менен спортчулардын тизмеси дээрлик эки эсеге көбөйдү», – деп белгилешти комитеттен.

Стипендия алчу спортчулардын тизмеси:

Акжол Махмудов – грек-рим күрөшү;
Жоламан Шаршенбеков – грек-рим күрөшү;
Алибек Осмонов – эркин күрөш;
Бекболот Мырзаназар уулу – эркин күрөш;
Эрназар Акматалиев – эркин күрөш;
Айсулуу Тыныбекова – кыз-келиндер күрөшү;
Мээрим Жуманазарова – кыз-келиндер күрөшү;
Айпери Медет кызы – кыз-келиндер күрөшү;
Калмира Билимбекова – кыз-келиндер күрөшү;
Владимир Золоев – дзюдо;
Нурсултан Кеңешбеков – жеңил атлетика;
Гүлшаной Сатарова – жеңил атлетика;
Денис Петрашов – сууда сүзүү;
Бекдөөлөт Расулбеков – оор атлетика;
Нурадин Рустамбек уулу – бокс.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары