Түндүк-Түштүк жолунун үчүнчү бөлүгүн быйыл бүтүрүү пландалууда
Түндүк-Түштүк жолунун 3-бөлүгүндөгү куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Бул бөлүккө караштуу бүт тилкеге асфальт-бетон төшөлүп, быйылкы жылдын аягына чейин пайдаланууга берилмекчи. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда «Түндүк-Түштүк альтернативалык жолун реконструкциялоо, III фаза, 159-183-чакырымдары (Дыйкан – Кызыл-Жылдыз)» долбоорунун алкагында 13 чакырымдык жолго асфальт-бетон төшөлүп, 44 суу өткөргүч коюлду. Ошондой эле эки көпүрө жана 12 суу өткөргүч куруу иштери жүрүп жатат.
Жол куруу иштерине подрядчик 228 жумушчу чакырып, 92 техниканы ишке салган. Бүгүнкү күнгө карата жумуштун 55%га жакыны аткарылды.





