Өзүбүзгө жетпей жатат – УКМКнын бөлүмдөрүнө контрабандага каршы күрөштү күчөтүү тапшырмасы берилди

Өзүбүзгө жетпей жатат – УКМКнын бөлүмдөрүнө контрабандага каршы күрөштү күчөтүү тапшырмасы берилди

Баалардын көтөрүлүшүнө, ошондой эле азык-түлүк жана элге керек товарлардын тартыштыгына байланыштуу, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) контрабандага каршы чараларды күчөтүүнү бардык бөлүмдөргө тапшырды. Акыркы убакта товарларды өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгуу учурлары көбөйгөн. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев аймактык бөлүмдөргө жана Чек ара кызматына кызматтык өткөрүү пункттары жана мамлекеттик чек аранын көзөмөлгө алынбаган тилкелери аркылуу аткезчилик фактыларын аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча ишти күчөтүүнү жана натыйжалуу чараларды көрүүнү тапшырды.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров быйылкы жылдын 17-июнунда Кылмыш-жаза кодексинин айрым мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө кол койгон. Бул өзгөртүүлөрдө контрабанда үчүн жоопкерчилик күчөтүлүп, айып пулдар көбөйтүлгөн, ошондой эле транспорт каражаттары мамлекеттин кирешесине каршы кылмыш куралы катары саналып, аларды конфискациялоо дагы каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары