Бишкек ТЭЦине 1 млн тоннадан ашык көмүр сатып алууга жакында тендер жарыяланат

Бишкек ТЭЦине 1 млн тоннадан ашык көмүр сатып алууга жакында тендер жарыяланат

Жакынкы арада Бишкек ТЭЦине 1 млн 50 миң тонна көмүрдүн ири партиясын сатып алуу боюнча тендер жарыялоо пландалууда. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына «Электр станциялары» ААКтын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

Бул тендер жергиликтүү Кара-Кече көмүр кенинен 2022/2023-жылдардын жылытуу мезгилине карата көмүр сатып алууга багытталган. Кийинчерээк дагы бир сынак жарыяланмакчы.

«Жеткирүүчү ишкана менен келишим түзүлөрү менен, Бишкек ТЭЦине көмүр ташыла баштайт. 22-июнга карата ТЭЦтин территориясында 222 миң тоннадан ашык көмүр бар, бул көлөм ТЭЦтин иштерине ашыгы менен жетет, андан кийин Кара-Кечеден көмүр келе баштайт», – деди Айдаралиева.

Эске салсак, өткөн жылытуу мезгилинде Бишкек ТЭЦинин көмүргө болгон муктаждыгы 1 млн 650 миң тоннаны түзгөн. Бир млн тоннага жакыны Кара-Кечеден, калганы Казакстандан ташылып келген.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары