Кыргызстанда байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырым өсүп баратат

Кыргызстанда байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырым өсүп баратат

Акыркы жылдары өлкөбүздө калктын эң бай жана эң жакыр катмарынын ортосундагы киреше ажырымы азайган эле. Бирок пандемия, бардык кризистердей эле, бул теңсиздикти кайра күчөттү. Бүгүнкү күндө калктын бардык кирешелеринин дээрлик жарымы бай катмардын 20%ынын колуна топтолгон, деп билдирет azattyk.

Эгерде элдин эң бай бөлүгү 20% деп эсептей турган болсок, анда 2020-жылы ошол эң бай катмар калктын бардык кирешелеринин 41.6%ына ээ болгон, ал эми 2021-жылы болсо бул көрсөткүч 43.9%ды түзгөн. Акыркы жылда байлар ого бетер байыды, кедейлер андан да жакырланды.

Маанисиз көрүнгөн өзгөрүүлөр чындыгында социалдык теңсиздиктин өсүшүнө жана жакырчылыктын деңгээлине олуттуу таасир тийгизет. 2020-жылы эле Кыргызстанда жакырчылык 20.1%дан 25.3%га өстү. 2021 жана 2022-жылдарга карата маалыматтар азырынча жок, бирок эксперттер кырдаалдын дагы кескин начарлашын күтүшөт.

«Кыргызстандын ар бир төртүнчү тургуну жакырчылыктын чегинен төмөн деңгээлде жашайт. 2022-жылдын акырына карата инфляциянын өсүшүнө байланыштуу бул адамдардын үлүшү 35%, ал тургай 38%га чейин көбөйүшү мүмкүн», – деп эскертет жакырчылыктын жеткен чегин изилдеген БУУнун атайын баяндамачысы Оливье де Шуттер. Анын айтымында, бул өлкөнү он жылга артка жылдырат.

Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли региондогу жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорулардын бири бойдон калууда. Салыштыра кетсек, коңшу Казакстанда расмий маалыматтар боюнча калктын 5.3%ы гана жакыр.

Кыргызстандын айрым аймактарында жакырчылыктын абалы өзгөчө оор. Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарында калктын 35%га жакыны жакырчылыктын чегинде жашайт.

Шаарга (18.3%) караганда жакырчылыктын деңгээли бир топ жогору (29.3%) болгон айыл жеринин жашоочуларынын абалына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Дүйнөлүк урбанизация тенденциясына карабастан, Кыргызстандын калкынын үчтөн экиси дагы эле айыл жеринде жашайт. 2020-жылы 1 млн 678 миң адам жакырчылыктын чегинде жашаса, анын 73.7%ын айылдын тургундары түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары