Кыргызстандагы бизнес кризисине эмнелер таасир берди – Дүйнөлүк банк себептерди түшүндүрөт

Кыргызстандагы бизнес кризисине эмнелер таасир берди – Дүйнөлүк банк себептерди түшүндүрөт

21-июнда Бишкекте “Микро, чакан жана орто ишканаларды тез арада колдоо” долбоору боюнча Финансы министрлиги уюштурган тегерек стол өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын өкүлү Эмико Тодороки өз сөзүндө Кыргызстандагы кризиске жана бизнестин оор абалына таасирин тийгизген себептерге токтолду.

COVID-19 жана пандемия

Эң маанилүү себептердин бири Covid-19 вирусу жана 2020-жылы бүт дүйнөнү капыстан каптаган пандемия болду. Өзүн-өзү изоляциялоого мажбур болуу жана өлкөдө карантиндин киргизилиши бизнес жана жалпы экономика үчүн катуу сокку болду. Тодороки Кыргызстандын өкмөтү кырдаалды турукташтыруу үчүн кризиске каршы иш-чаралардын планын абдан тез иштеп чыкканын белгиледи.

Инфляция жана өнүккөн өлкөлөрдүн акча-кредит саясаты

Тодороки айым чакан жана орто бизнес экономиканын кыймылдаткычы экенин, алар ИДПнын 42%ын түзөрүн жана карапайым элди жумуш менен камсыз кылган негизги чөйрө экенин айтты. Бирок, ишкерлерге басым көп көрсөтүлөт. Бүт дүйнөдөгүдөй эле, Кыргызстанда да инфляция күч алууда. Мындан тышкары, өнүккөн өлкөлөрдө акча-кредит саясаты барган сайын катаал болуп баратат, бул Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизүүдө.

Украинадагы согуш

Дүйнөлүк банктын өкүлүнүн айтымында, кризистин негизги факторлорунун бири болуп ушул жылдын 24-февралында башталган Украинадагы согуш саналат. Бул жагдай дээрлик бүт дүйнөгө таасирин тийгизип, Кыргызстан да четте калган жок.

“Жашыл” жана санариптик экономикага көңүл буруу

Заманбап дүйнөдө “жашыл” жана санариптик экономикага абдан чоң басым жасалат. Айлана-чөйрөгө оң таасирин тийгизүүчү тармакты, жалаң электрондук технологияларга жана санариптештирүүгө багытталган чөйрөнү өнүктүрүүгө аракет жасалып жатып, катардагы чакан жана орто бизнеске тиешелүү көңүл бөлүнбөй калган.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары