Швейцария Нарын шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 6 млн доллар бөлөт
Швейцария «Нарын шаарынын туруктуулугу» долбооруна 6 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу Швейцария элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Каражат Нарын шаарынын калкына жардам берүүгө, инфраструктурасын жана экономикасын өнүктүрүүгө жумшалары белгиленген. Муну менен Нарынды климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсык коркунучтарына туруктуураак кылууну пландаштырууда.
Бул беш жылдык долбоорду Нарын муниципалитети жана Ага Хан өнүктүрүү тармагы ишке ашырышат.
Эске салсак, буга чейин Швейцария элчилиги Бишкектеги жаңы конуштардын жашоочулары үчүн 10 жылдык долбоорго 9 млн доллар бөлөрүн билдирген.