«Текстиль Транс» кездеме чыгарууну 2.5 эсе көбөйтөт — ОКӨФ дагы насыя берди
Кыргызстандагы ири өнөр жай ишканаларынын бири “Текстиль Транс” фабрикасы өндүрүшүн 2.5 эсеге кеңейтүү үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) менен жеңилдетилген насыя бөлүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Долбоордун биринчи этабында суткасына 10 тонна кездеме чыгаруучу текстиль фабрикасын куруу каралган эле. Долбоор ОКӨФ колдоосу менен ийгиликтүү ишке ашып, Токмокто текстиль фабрикасы иштей баштады.
Экинчи этаптын алкагында фабриканын өндүрүмдүүлүгү 2.5 эсеге — суткасына 25 тонна кездемеге чейин жогорулайт. Бул максатта ОКӨФ тарабынан 7.5 млн доллар бөлүнөт. Ошондой эле фабрикада кошумча 200 жумушчу орун түзүлүп, чыккан продукция жергиликтүү кийим тигүүчү ишканалардын трикотаж кездемеге болгон суроо-талабынын үчтөн эки бөлүгүн жабат. Салык төлөмдөрү да көбөйөт.