Жалал-Абадда кургак талаага 315 га алча багы отургузулду

Жалал-Абадда кургак талаага 315 га алча багы отургузулду

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүндөгү 315 гектар кургак жана түшүмсүз жерге алча (гилас) багы эгилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул долбоорду ишке ашырууга 44 млн сом сарпталган. Бак Дүйнөлүк банк жана Глобалдык экологиялык фонд тарабынан каржыланган “Кыргыз Республикасынын токой экосистемаларын комплекстүү башкаруу” долбоорунун алкагында отургузулган.

Бул долбоорго донорлор тарабынан 18 млн сом бөлүнүп, 26 млн сомдук каражат жергиликтүү тургундар өздөрү жана айыл өкмөтү салган. Ошондой эле тосмолорду орнотуу, тамчылатып сугаруу системасын орнотуу жана көчөт отургузуу иштерин жергиликтүү эл толук өз мойнуна алды.

Бөлүнгөн каражаттар төмөнкүлөргө жумшалды:

  • төрт суу резервуары (700 м3), түтүк куруу (4.5 км), тамчылатып сугаруу системасын орнотууга – 9.9 млн сом
  • тосмолорду орнотууга – 2.3 млн сом
  • 25.5 миң даана алча көчөтүн которууга – 3.1 млн сом
  • чакан айыл чарба машиналарын жана жабдууларга – 2.4 млн сом

Жакында жемиш бактардын аянтын кеңейтип, 500 гектарга жакын түшүмсүз жерлерди өздөштүрүү пландалууда. Былтыр күзүндө отургузулган алча көчөттөрү 4-5 жылдан кийин туруктуу түшүм бере баштайт.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары