Кыргызстандыктардын орточо айлыгы 22 миң сомго жетти – Улутстатком
2022-жылдын январь-апрель айларында кыргызстандыктардын орточо эмгек акысы 22 084 сомду түздү (чакан ишканаларды эсепке албаганда). Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу номиналдык орточо айлык 16.8%га өстү – 2021-жылдын январь-апрель айларында расмий түрдө иштеген кыргызстандыктар орточо эсеп менен 18 909 сом алышкан.
Реалдуу эмгек акы (инфляцияны эсепке алганда) январь-апрель айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3.9%га гана өскөн.