Пайызсыз кредит 3 млн сомго чейин бериле баштайт
“Микро, кичи жана орто ишканаларды тез арада колдоо” долбоорунун алкагында үстөксүз кредиттердин максималдуу өлчөмү кичи жана орто бизнес үчүн 3 млн сомго, микробизнес үчүн 1 млн сомго чейин көбөйтүлөт. Ал эми кайтаруу мөөнөтүн болсо үч жылга чейин узартуу пландалууда. Бул тууралуу 21-июнда тегерек столдо финансы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.
Ал белгилегендей, алгач долбоор иштелип жатканда насыянын көлөмү кыйла азыраак болгон. Микробизнес үчүн 150 миң сомго чейин, чакан жана орто бизнес үчүн 850 миң сомго чейин берилет деп болжолдонгон. Бирок коммерциялык банктар тарабынан каражаттардын өздөштүрүлүшү өтө начар жүргөндүктөн, Финансы министрлиги менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы талкууда микробизнес үчүн бул сумманы 250 миңге чейин, ал эми кичи жана орточо бизнес үчүн 1 млн сомго чейин көтөрүү чечилген.
«Жакында экинчи фаза башталат, дагы 50 млн доллар кошумча каражат бөлүнөт, ошондо кредиттерди чакан жана орто бизнес үчүн 3 млн сомго, микробизнес үчүн 1 млн сомго чейин көбөйтүүнү пландап жатабыз. Жана белгилеп кетким келет, мурда насыялар 18 айга берилип келген, бирок экинчи этаптан баштап бул мөөнөттү үч жылга чейин көбөйтөбүз”, – деди Руслан Татиков.