Бишкекте борбордун шаар куруу тармагын көзөмөлдөөчү «Бишкекгенплан» ишканасы түзүлдү

Бишкекте борбордун шаар куруу тармагын көзөмөлдөөчү «Бишкекгенплан» ишканасы түзүлдү

Бишкекте генпланды жана деталдуу пландаштыруу долбоорун иштеп чыгуу менен алектене турган мекеме түзүлдү. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун 100 күндүк ишинин жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында белгилүү болду.

Пресс-конференция учурунда борбордун мэри Эмилбек Абдыкадыров шаар куруу тармагын контролдоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктарды борбордун мэриясына өткөрүп берүү жөнүндө токтомдун долбоору даярдалгандыгын билдирди.

“Курулуш эрежелерин жана жалпы эрежелерди бузуу фактылары көп. Биз азыр “Бишкекгенплан” ишканасын түздүк, ал деталдуу пландаштыруу долбоорун, Башкы планды жана башка шаар куруу документтерин иштеп чыгуу менен алектенет”, – деди мэр.

Ошондой эле шаар башчысы муниципалитеттин борбордогу курулуштун сапатын көзөмөлдөө укугу жок экендигин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абад облусун өнүктүрүү жол карталары даярдалат

Жалал-Абад облусун өнүктүрүү жол карталары даярдалат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн коллегиясына катышып, анда 2025-жылдагы региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары чыгарылып, жакынкы келечекке негизги милдеттер аныкталды. Бакыт Төрөбаев облустун бир катар багыттар боюнча жетишкендиктерин белгилеп, конкреттүү натыйжаларга өтүү зарылдыгын баса белгиледи. Өз сөзүндө ал төмөнкү артыкчылыктарга көңүл бурду: облустун экономикалык өнүгүүсүн

Өткөн жылы Кыргызстан боюнча эң көп каражат – 6,6 млрд сом Ош шаарына бөлүнгөн

Өткөн жылы Кыргызстан боюнча эң көп каражат – 6,6 млрд сом Ош шаарына бөлүнгөн

2025-жылы Ош шаарына республикалык бюджеттен болуп көрбөгөндөй көлөмдө каражат бөлүнгөнүн шаар мэриясынын коллегиясынын жыйынында МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев билдирген. "Биз шаарларга, мисалы, Токмок шаарына 1 млрд сом, Кара-Балта шаарына 1 млрд сом бөлдүк. Ал эми Кыргызстан боюнча эң көп каражат Ош шаарына — 6,6 млрд сом бөлүндү", — деди

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды. Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып,

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус