Бишкекте жашоо минимуму 7 миң сомго жакындады
Бишкек шаарында биринчи кварталда калктын жан башына орточо жашоо минимум 6854 сомду түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 16%га өскөн. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун 100 күндүк ишинин жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында айтылды.
Анда белгиленгендей, январь-март айларында номиналдуу орточо айлык акы 26 миң 496 сомду түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11%га өскөн.
Белгилей кетсек, доллардын азыркы курсу боюнча борбордо жашоо минимуму 86 долларды, номиналдуу орточо айлык маяна 333 долларды түзөт.
Улутстаткомдун берген маалыматына таянсак, 2022-жылдын I кварталында жалпы Кыргызстанда жашоо минимуму 6 813 сомду түзгөн.