Бишкектен Махачкалага жаңы аба каттамы ачылды - учуу убактысы 3 саат
Бишкектен Махачкала шаарына (Дагестан) жаңы авиакаттам ачылды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун” маалымат кызматы кабарлады.
Бишкек – Махачкала – Бишкек багыты боюнча жаңы аба каттамын «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы аткарат.
Каттам жумасына 1 жолу – жекшемби күндөрү аткарылат. Учуунун убактысы – 3 саат.