Кыргызстандык компания Түштүк Кореяга быйыл 20 тонна бал экспорттоого келишим түздү

Кыргызстандык компания Түштүк Кореяга быйыл 20 тонна бал экспорттоого келишим түздү

23-25-июнда Import Goods Fair (Сеул, Түштүк Корея) көргөзмөсүнө ата мекендик экспортерлор катышып, алар потенциалдуу сатып алуучулар менен B2B жолугушууларды өткөрүшкөнүн Улуттук инвестициялар агенттиги билдирди.

Жолугушуулардын жыйынтыгында, түштүк кореялык компания кыргыз балын импорттоого кызыкдар экенин билдирген. Тагыраак айтканда, кыргызстандык Bee Honey ЖЧКсы менен кореялык Kyrka Corp. компаниясынын ортосунда 2022-жылы 20 тонна бал жеткирүү жана андан кийин аны 100 тоннага чейин көбөйтүү боюнча келишим түзүлгөн.

Белгилей кетсек, кыргызстандык компаниялардын көргөзмөгө катышуусуна КР Улуттук инвестициялык агенттик, КРнын Түштүк Кореядагы элчилиги жана ошондой эле БУУ көмөк көрсөтүшкөн. Соодага жардам берүү долбоору Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланат.

Мындан тышкары окуңуз

Өткөн жылы Кыргызстан боюнча эң көп каражат – 6,6 млрд сом Ош шаарына бөлүнгөн

Өткөн жылы Кыргызстан боюнча эң көп каражат – 6,6 млрд сом Ош шаарына бөлүнгөн

2025-жылы Ош шаарына республикалык бюджеттен болуп көрбөгөндөй көлөмдө каражат бөлүнгөнүн шаар мэриясынын коллегиясынын жыйынында МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев билдирген. "Биз шаарларга, мисалы, Токмок шаарына 1 млрд сом, Кара-Балта шаарына 1 млрд сом бөлдүк. Ал эми Кыргызстан боюнча эң көп каражат Ош шаарына — 6,6 млрд сом бөлүндү", — деди

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды. Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып,

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип