2021-жылы «Кыргызалтындын» таза кирешеси 2.7 млрд сомду түзгөн
2021-жылы “Кыргызалтындын” таза кирешеси 2.7 млрд сомду түздү. Бул тууралуу «Кыргызалтын» ААКтын Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Жеңиш Сейдалиев япониялык Advanced Material Japan Corporation компаниясынын атайын кеңешчиси Шигео Накамура менен жолугушуу учурунда билдирди.
Жолугушууда Сейдалиев «Кыргызалтын» ААК 30 жылдык тажрыйбага ээ жана компаниянын уставында көрсөтүлгөн бардык багыттар боюнча кызматташууга даяр экендигин билдирди.
«Биз кызматташууга ачыкпыз жана тоо-кен казып алуу, зергерчилик, курулуш, мейманкана бизнесинен тартып, жеке санаторийге чейин өндүрүштүк базаларга ээбиз. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча “Кыргызалтындын” таза кирешеси 2.7 млрд сомду түздү. Бул биздин Коомдун өнүгүп, мамлекетке, демек элге пайда алып келе жаткандыгынан кабар берет”, – деди Жеңиш Сейдалиев.
Белгилей кетсек, Япониялык Advanced Material Japan Corporation ишканасынын өкүлдөрү инвестиция салуу жана түрдүү тармактарда бизнес долбоорлорун түзүү үчүн Борбор Азия өлкөлөрүн изилдеп жатат жана кыргызстандык ири ишканалар менен да жолугушууларды өткөрүүдө. Япониядан келген делегация 4-июлда «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын президенти Теңиз Бөлтүрүк менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүгүнө жакын болуп саналган сейрек жер элементтер кенин иштетүү долбоорлоруна кызыкдар экендигин билдиришкен эле.