Алгачкы үч чет элдик компания «Google салыгын» Кыргызстанда төлөйт
Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөтүүчү алгачкы 3 чет өлкөлүк компания КНС төлөөчү болушту. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.
КРда электрондук түрдө кызмат көрсөтүүчү алгачкы 3 чет өлкөлүк компания республиканын бюджетине кошумча нарк салыгын төлөөчү катары катталышты.
Яндекс Go, Megogo жана Xsolla компаниялары Салык кызматынын www.vat.salyk.kg электрондук сервисинде аралыктан салыктык каттоодон өтүштү.
Азыркы учурда, тейлөө функциясы электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмга КНС боюнча салык төлөөчү катары салыктык каттоодон өтүүгө, идентификациялык салык номерин алууга жана салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
- “Google салыгы” – жеткирүү орду КРнын аймагы деп таанылган, КРда катталган домендик аталышты же IP-дарегин колдонбостон электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмдарга тиешелүү.
КНСтин ставкасы ишке ашырылган кызмат көрсөтүүлөрдүн суммасынан 12%ды түзөт.