Бишкекте күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратын бузуу иштери башталды
Бишкекте 2010-жылы күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратын бузуу иштери башталды.
Аталган имарат борбордун Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Мэрия имараттын айланасын жаап, анын эң үстүнкү кабаттарын бузуп баштады.
Эскерте кетсек, буга чейин шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров өрттөлүп кеткен имараттын ордуна жаңы заманбап имарат куруу зарылдыгын, ошондой эле көп жылдан бери бузулбай же курулуп бүтө элек имараттарды иретке келтирүү керектигин айткан эле.
Учурда Бишкек шаарынын мэриясына Германиядан жасалган 3 долбоор сунушталган. Долбоор боюнча жаңы заманбап, сапаттуу материалдардан курула турган имарат 7 кабаттан турат. Анын дизайны шаардагы салынган стандарттуу имараттардан өзгөчөлөнүп даярдалган.