Доллардын курсу 83-84 сомдун тегерегинде болууда
Бүгүн, 6-июлда, шаршемби күнү эртең менен саат 10:40ка карата Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу 83 сомду (сатып алуу) жана 84 сомду (сатуу) түздү.
Банктарда 1 долларды сатып алуу курсу 80-83 сомго чейин өзгөрүп жатты. Банктарда америкалык валютанын сатуу курсу 81-84 сомдун чегинде болууда.
Улуттук банктын 5-июлга карата койгон доллардын расмий курсу 79.5 сом болду.