«Дордойдогу» өрттө 42 контейнер жана 9 күркө күйүп кетти
Кечээ, 5-июлда “Дордой” базарында чыккан өрттө 42 контейнер жана 9 күркө күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
“Дордой” базарында жайгашкан кытай катарында металлдан жасалган 42 соода түйүнү (контейнер), тез тамактануучу, шаурма жана суусундук саткан 9 күркө (павильон) күйгөн.
“Өрттөнгөн соода түйүндөрүндө кийим-кече сатылчу. Ал эми тилсиз жоо жалпысынан 1000 чарчы метр аянтта жайгашкан соода түйүндөрүн жарактан чыгарып, анын кесепетинен 2 адам түтүнгө ууланган. Алар №4 шаардык ооруканага жеткирилди” – деп билдирди ӨКМ.
Базардагы соодагерлердин айтымында, өрт тез татым жайынан башталып, кийин контейнерлерге өтүп кеткен.