Энергетика министрлиги кызматкерлеринин айлык акысын 15%га көтөрүүнү пландоодо
Энергетика министри Доскул Бекмурзаев бул тармактагы кызматкерлердин айлык маянасын 15%га көтөрүүнү пландап жатканын билдирди.
Министр “Түндүкэлектр” ААКнын электр монтёрлору менен жолугуп, аларга ата мекендик энергетика тармагынын абалы жана анда жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө айтып берген.
“Алдыбызда жабдуулардын эскилигинин жетиши жана жаңы генерация кубаттуулуктарын куруу муктаждыгы деген курч маселелер турат. Аны менен бирге эле электр энергиясына болгон тариф да өзгөрүлө элек. Бул сыяктуу маселелерди жөнгө салуу үчүн чыгашаларды оптимизациялап, ар дайым инвесторлорду издөө менен алекпиз.
Жолугушууда электр монтёрлор азык-түлүккө болгон баанын өсүшү менен үй-бүлөнү камсыздоо кыйындап баратканын айтышты. Алдыбызда турган кыйынчылыктарга карабастан, айлык маянаны 15% жогорулатууну пландап жатканыбызды айттым“, – дейт министр.
Ошондой эле Бекмурзаев Энергетика министрлигинде жүргүзүлүп жаткан реформалар жакшы натыйжасын бериши үчүн коллектив ичинде өз ара түшүнүшүү жана ишеним болушу шарт экенин кошумчалады.