«Керемет Банкта» жарым жыл ичинде башкармалыктын төрагасы 3 жолу алмашты
«Керемет Банк» ААКтын (Улуттук банктын үлүшү 97.45%) башкармалыгынын төрагасы акыркы жети айда үчүнчү жолу алмашты.
Банктын директорлор кеңешинин 29-июндагы чечими менен башкармалыктын төрайымы Жамийла Койчуманованын 30-июндан тарта өз каалоосу менен кызматынан бошотулгандыгы тууралуу арызы канааттандырылган.
Директорлор кеңешинин 30-июндагы башка чечими менен банктын жетекчисинин орун басары Тимур Бербаев 1-июлдан тарта башкармалыктын төрагалыгы кызматына келди.
Белгилей кетсек, Койчуманова “Керемет банктын” жетекчиси болуп үч ай иштеген — ал банкты былтыр 8-декабрда дайындалган Кастору Мамытовдун ордуна келип, ушул жылдын 28-мартынан баштап башкарган.
Мамытов өз кезегинде өзүнүн өтүнүчү менен кайрадан башкармалыктын төрагасынын орун басарлыгына которулган.