Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары алмашты
Айдарбек Мамбеткадыров Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Ал буга чейин Санариптик өнүктүрүү министринин кеңешчиси болуп иштеп келген.
Мамбеткадыров «Жарандык укук» жана «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистиги боюнча билим алган. Ал буга чейин КРнын Жогорку сотунун жана Конституциялык сотунун Аппаратында, Бишкек мэриясында, Жогорку Кеңештин Аппаратында эмгектенген.