Түп районунда мамлекеттик кызматкерлер үчүн жаңы кызматтык үйлөр курулат
Түп районунда облус жетекчилери үчүн жаңы үйлөр курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусунун жаңы жетекчисин администрацияга тааныштыруу учурунда билдиргенин минкабдын маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, Жапаров жаңыдан дайындалган президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовду өкүлчүлүктүн аппаратына өзү барып тааныштырган.
Президент Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык, Нарын облусунун жетекчилик кызматына мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жардамчысы Алтынбек Эргешов дайындалган.
Жолугушууда Кыргызстанда акимдерди ротациялоо ийгиликтүү ишке ашып жатканын белгилеген Жапаров аймактарда мурунку кызматтык үйлөр кайра жаңыланарын билдирди.
“Региондогу мурунку мамлекеттик кызматтык үйлөр менчиктештирилип кеткен. Анын ордуна президентибиздин демилгеси менен жаңы кызматтык үйлөрдү курууга кириштик. Пилоттук долбоор катары алгач Түп районуна жетекчилер үчүн 5-6 үй куралы деп жатабыз. Элибиз да, жерибиз да бир. Жер алмаштырып бөлүнбөй элге кызмат кылалы”, – деди министрлер кабинетинин башчысы.