«Дордой» базарынын профсоюзу өрттөн жабыркаган ишкерлерге контейнерлерин калыбына келтирүүгө жардам берет
«Дордой» соода-базар комплексинин профсоюзу өрттөн жабыркаган ишкерлерге контейнерлерин калыбына келтирүүгө жардам берет. Бул тууралуу профсоюздун төрагасы Дамира Дөөлөталиева билдиргенин “Азаттык” маалымдады.
Анын айтымында, базардын күйгөн бөлүгү Дордойго эмес, муниципалитетке тиешелүү. «Өрт муниципалдык базардан чыккан. Видеодон өрт тез тамактануучу жайдагы майдан чыкканын көрүүгө болот. Ал эми базардын ичинде бир дагы кафе же коомдук тамактануу жайы жок. Аймакты мэрия көзөмөлдөгөн жерде баары башаламан жайгашкан», — деди Дөөлөталиева.
«Бирок бул муниципалдык аймак экенине карабастан, биздин ишкерлер жапа чеккендиктен, күйүп кеткен контейнерлерди өзүбүздүн каражатыбызга калыбына келтиребиз. Биз аларды ижарага алгандарга жардам беребиз, кожоюндары соодагерлерден ижара акысын талап кылбашы үчүн алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Мындан тышкары, жабырлануучуларды төгүмдөрдү төлөөдөн бошотуу маселеси каралууда. Ал эми профсоюздун эсебинен биз аз да болсо жабыркаган ишкерлер бутуна тургуча жардам беребиз», – деди ал.
Ошондой эле Дөөлөталиева насыя алгандарга жеңилдиктерди берүү үчүн банктарга кайрылуу даярдалып жатканын кошумчалады.
«Учурда бардыгы экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышат. Келтирилген зыяндын көлөмү аныкталаары менен үч күндүн ичинде контейнерлерди оңдоп, калыбына келтиребиз, жаңыртабыз. Соодагерлер камсыздандыруу төлөшкөнүн айтышууда, бирок тилекке каршы, алардын ишмердүүлүгү үчүн камсыздандыруу болгон эмес», – деди Дөөлөталиева.