«Альянс Алтын» компаниясы Таласка таштандыларды сорттоочу завод курууга 6 млн сом берди

«Альянс Алтын» компаниясы Таласка таштандыларды сорттоочу завод курууга 6 млн сом берди

“Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду Таласка таштандыларды сорттоочу завод курууга 6 млн сом бөлдү. Бул тууралуу Жерүй кенин иштетүүчү компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Завод Талас шаарынан 12 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Калбин айыл өкмөтүнүн аймагында курулууда. Долбоорду «Эко Монтис» ЖЧКсы сунуштаган.

«2018-жылы Талас шаарындагы таштандыларды иштетүүгө 10 жылдык мөөнөткө келишим түзүп, уруксат алганбыз. Ошондон бери таштандыларды сорттоочу завод куруп, таңгакталган таштандыларды кайра иштетүүчү жайларга өткөрүүнү пландап жатабыз. Долбоорду ишке киргизсек, айына 200 тоннага чейин таштандыны кайра иштетебиз”, – дейт «Эко Монтис» ЖЧКсынын директору Янтар Атабеков.

Таштандыларды сорттоочу заводду курууга 8 млн сомго жакын каражат керектелет. Бүгүнкү күндө 1 млн 865 миң сом каражат салынган.

“Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду тарабынан 5 жылдык мөөнөткө пайызсыз кайтарымдуулук менен 6 млн сом бөлүнгөн. Фонддун мындай колдоосу Талас районунун, өзгөчө шаардагы таштандыдан арылууга чоң салым кошууда», – деди Атабеков.

Мындан тышкары окуңуз

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды. Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып,

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта