Балыкчы - Корумду жолунун ремонтун бүтүрүүгө дагы 2 млрд сом керек
2016-жылы башталган Балыкчы – Корумду жолун оңдоо иштери башталгандан бери 4.7 млрд сом өлчөмүндөгү жумуштар аткарылган. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Калыңдыгы 9 см, узундугу 84 км (22 км дагы калган) асфальт-бетон төшөлмөнүн төмөнкү катмарын монтаждоо иштери бүткөрүлсө, калыңдыгы 6 см, узундугу 80 км (дагы 26 км калган) асфальт-бетон төшөлмөнүн үстүңкү катмары бүткөн.
Ведомстводон билдиришкендей, долбоордо 17 көпүрөнүн курулушу жана оңдоо иштери каралса, 16 көпүрө бүткөрүлүп, бирөөнүн курулушу баштала элек.
Ошол эле учурда подрядчы менен түзүлгөн келишим боюнча каржылоодон кийин дагы 2 млрд сом керектелет.
Economist.kg мурда маалымдалгандай, Балыкчы – Корумду жолун реконструкциялоо 2016-жылы башталып, 2017-жылы бүтүшү керек болчу. Бирок иш дагы деле уланууда. Трассанын жалпы узундугу 104 чакырымды түзөт. Ал эми жол оңдоо долбоору 6.8 млрд сомго бааланган болчу.