Биз компромисс таба алдык - ККМ боюнча жумушчу топ ишин аяктады
Чакан жана орто бизнеске контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүү жана электрондук жарык-фактураларды берүүнү камсыздоо шарттарын талкуулоо жана иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун кеңешмесин өткөнүн минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров маалымдагандай, биргелешкен аракеттердин аркасында кассалык машиналарды ыңгайлуу ишке киргизүү үчүн ыкмалар жана шарттар иштелип чыккан.
«Биз компромисс таба алдык жана бул – эң башкысы. Ишкердин жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомго жетпесе, салык төлөөдөн бошотуу чечими кабыл алынды. Эгерде жүгүртүүсү бул көрсөткүчтөн ашып кетсе, салык 0.5%, же 1% гана болот. Бардык айып санкциялары кыскартуу жагына карай кайра каралат.
Ошондой эле салык органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу болот. Эгерде алардын бирөө эреже бузса, же ишкерлерге орой мамиле кылса, коркутуп-үркүтсө, бул кызматкер кайра кызмат ордуна калыбына келтирилбестен терс себептер менен дароо жумуштан бошотулат», – деди Жапаров.
Ошондой эле ал ККМди камсыздоо боюнча анын ай сайын төлөнчү наркы караларын айтты.
«Бул 300 сомдун чегинде болот жана биз ошондой эле мүмкүн болушунча отчеттуулукту жөнөкөйлөштүрөбүз. Милдеттүү бойдон калган бир гана нерсе – бул ККМди жана эсеп-фактураларды колдонуу. Ушул эки инструмент аркылуу биз төлөм төлөбөгөндөргө чыгып, экономиканы мыйзамдуу талаага алып чыгабыз», – деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.
Ошондой эле ал сунушталган сын-пикирлердин 80% кабыл алынганын жана ал жалпы тил табышуу болгондугунан кабар бергенин кошумчалады.