ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн ичинен эң арзан кумшекер Кыргызстанда

ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн ичинен эң арзан кумшекер Кыргызстанда

ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ичинен эң арзан кумшекер Кыргызстанда экенин Монополияга каршы агенттиги билдирди.

Ошондой эле агенттик учурда Кыргызстанда баалар коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу туруктуу экенин белгиледи. Буга кошумча нарк салыгын (КНС) нөлгө түшүрүү, ак жана чийки кумшекерди алымсыз (пошлинасыз) жеткирүү жана бул азыкты Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгууга тыюу салуу шарт түзгөн.

5-июлга карата базардагы кумшекердин баасы

КыргызстанКазакстанРоссияБеларусьАрменияТажикистанӨзбекстан
93 сом130 сом107 сом110 сом138 сом115 сом100 сом

Монополияга каршы мамлекеттик кызматы 27-майда «Кайыңды-Кант» ААК менен соода түйүндөрүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында «Глобус», «Народный» жана «Фрунзе» супермаркеттеринде кумшекер арзандатылган баада сатылып жатканын эскертти. Аталган соода түйүндөрүндө анын баасы бир кишиге 1 кг деген акция менен 79 сом/кг болсо, 1 кг ашык кумшекер 85 сом/кг баада сатылууда.

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши Кыргызстандын территориясына ак кумшекер жана чийки шекер ташып келүү үчүн бажы алымдарын жок кылуу мөөнөтүн 31-октябрга чейин узарткан.

Учурда базарда кант кызылчасынан өндүрүлгөн кант жок (кийинки түшүмгө чейин), кумшекер Индия сыяктуу өлкөлөрдөн алынып келинүүдө. Мындан тышкары, кантты ата мекендик кант заводдору импорттолгон бразилиялык чийки кант камышынан чыгарышат. Монополияга каршы мамлекеттик кызматы ошого жараша канттын баасы дагы жогору болуп жатканын айтты.

Мындан тышкары окуңуз

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды. Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып,

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта