Кыргызстандагы дары-дармектердин 40%га жакынын контрабандалык товарлар түзөт
Кыргызстандагы дары-дармек рыногундагы каражаттардын 30%дан 40%га чейин контрабандалык товарлар түзөт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Фармацевтика биримдигинин төрагасы Эрнис Асанов билдирди.
«Бул дарылардын баары коопсуз эмес, анткени туура жеткирүү чынжыры сакталган эмес. Кээ бир дары-дармектер температуралык режимди сактоону талап кылат, алар атайын муздаткычтарда, күндөн корголгон шарттарда сакталышы керек. Болбосо, дары дарынын ордуна уу болуп калышы мүмкүн”, – деди ал.
Ошондой эле Асанов Бишкектеги Ош базарында да оор кырдаал турганын белгилеп, бирок азырынча эч кандай чара көрүлө электигин айтты.