Улуттук банк дароо 3 акча алмаштыруу жайынын лицензиясын алып салды
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн регулятор дароо үч алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракеттерин токтотту.
2022-жылдын 9-июлунан тартып 15-июлун кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 150/20 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Капитал Прогресс» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 14-февралындагы № 5982 лицензиясы
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 150, 1-бөлүк дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Союз лтд» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 25-декабрындагы № 6045 лицензиясы
- Бишкек шаары, Дэн-Сяопин көчөсү 2, 12-батир дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «АСЭМ и ко» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 1-июлундагы № 6164 лицензиясынын ишмердүүлүгү токтоду.
Кошумча окуңуз: Улуттук банктын антикризистик чараларынан майнап чыккан жок — эксперт