Улуттук банктын антикризистик чараларынан майнап чыккан жок - эксперт
Экономика боюнча эксперт Рустам Нурматов кечээ, 7-июлда Кыргызстандын бардык банктары доллардын курсун бирдей баада белгилешкенине комментарий берип, vesti.kg порталына Улуттук банктын антикризистик чараларынан натыйжа чыкпаганын айтты.
Нурматовдун айтымында, банк тармагында атаандаштык жок, жөнгө салуучу органдын гана буйругу бар.
“Банктар менен акча алмаштыруучу жайлар бирдей курсту коюп жатканы биздин өлкөдө атаандаштык жок экенин, тескерисинче, Улуттук банктын буйругу экенин көрсөтүп турат. Экономика бир регулятордун кол көзөмөлүнө өтүп баратат.
Бул Улуттук банктын өлкөдөн чет элдик валютанын чыгарылышына жол бербөө үчүн көргөн антикризистик чараларынан майнап чыкпаганынын далили. Ошондуктан ачык эле басым болду: акча алмаштыруучу жайлардын ээлеринен сурасаңыз, алар белгилеген курс Улуттук банктын “сунушунун негизинде” коюлганын айтышат. Эгер кимдир бирөө ага баш ийбесе, лицензиядан ажыратууга чейин катуу жазага тартылат” – деген ал аталган порталга берген маегинде.
Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук банк өз компетенциясынын чегинде коммерциялык банктарга, акча алмаштыруу жайларына, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга накталай АКШ долларын экспорттоого убактылуу тыюу салган. Жакында регулятор бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн накталай чет өлкө валютасын алып чыгууга тыюу салуу боюнча токтом долбоорун демилгеледи. Бул документ коомдук талкууга чыгарылган.