Улуттук инвестициялык агенттиктин жетекчиси МЖӨ борборунун кызматкерлери менен жолукту
Улуттук инвестициялык агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Мамлекеттик жеке өнөктөштүк борборунун (МЖӨ) кызматкерлери менен жолукканын агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.
Сабиров команда менен таанышып, МЖӨ долбоорлорун илгерилетүүнүн оң динамикасын белгиледи.
“Менин байкашымча, коллективиңер жаш жана амбициялуу экен, баарыбыз биригип максаттарыбызга жете алабыз деп ишенем. Ар бириңиздердин идеяларыңыз жана өнүктүрүү боюнча сунуштарыңыз болсо, анда мен ар дайым диалогго ачыкмын” – деди ал.
МЖӨ борборунун директору Санжар Болотов Сабировду 2026-жылга чейин МЖӨ өнүктүрүүнүн жаңы программасы менен тааныштырып, Программага ылайык иш пландары менен бөлүштү.