Жакшы жаңылык: Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү дээрлик 12.5 млрд метр кубга көтөрүлдү
2022-жылдын 8-июлуна карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 465 млн кубометрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААКтын сайтында айтылат.
Учурда суунун агып кириши секундасына 997 куб метр, агып чыгуусу 443 куб метрди түзүүдө.
Белгилей кетсек, март айында өлкөнүн башкы суу сактагычындагы запасы 7.9 млрд куб метрге чейин төмөндөп кеткен болчу.