1-сентябрдан баштап этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатууга 100% мамлекеттик монополия киргизилет
Президент Садыр Жапаров «Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жарлыкка ылайык, этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатуу чөйрөсүндө натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу, этил спиртин контрабандалык ташып келүүгө жана контрафакттык продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланууга бөгөт коюу, республикалык бюджетке салыктык төлөмдөрдүн толук түшүүсүн камсыз кылуу, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарды сактоо, калктын саламаттыгын коргоо максатында токтом кабыл алынган.
“КРнын аймагында 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополия киргизилсин. «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасына этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, КРда өндүрүлгөн жана импорттолгон этил спиртин сатууга эксклюзивдүү укук берилсин.
Этил спиртин колдонгон чарба жүргүзүүчү субъекттер эки жумалык мөөнөттө «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасына этил спиртин берүүгө жана сатууга колдонуудагы контракттарды макулдашуу үчүн берсин”, – деп айтылат билдирүүдө.