Алматы - Ысык-Көл аба каттамына билеттер сатылууда. Баалар 91 доллардан башталат
Алматы – Ысык-Көл – Алматы багыты боюнча түз чартердик рейске билеттер авиакассаларда сатыла баштады. Economist.kg авиакомпаниялардын сайттарындагы маалыматтарга талдоо жүргүзүп, болжолдуу бааларын тактады.
Казакстандын SCAT авиакомпаниясы Алматыдан Ысык-Көл аэропортуна (Тамчы айылы) түз сезондук аба каттамын ачкан.
Буга чейин аба каттамдары жумасына эки жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү учаары маалымдалган болчу. Бирок, брондоо сайттары шейшемби жана ишемби күндөрү түз каттамдар бар экенин көрсөтүүдө. Учуу убактысы 40 мүнөт.
Бирок шейшембиге Алматыдан Ысык-Көлгө билеттер сатыкка чыккан эмес — кыязы, сатылып кеткен. Ишемби, 16-июлдагы кийинки каттамдын билет баасы учурда 107 долларды түзөт (53 миң теңге, 9 миң сом). Ошондой эле ар кандай валютадагы билеттердин баасы брондоо сайттарында ошол убакта көрсөтүлгөн маалыматка ылайык берилгендигин белгилей кетүү керек.
Андан ары Алматы – Ысык-Көл багытында баалар көтөрүлүп, 160 долларга чейин жетет, ал эми рейс дүйшөмбү жана жума күндөрүнө жылдырылган:
Ошондой эле келерки шейшембиге Ысык-Көлдөн Алматыга билеттер жок. Кийинки ишембиге, 16-июлдагы билеттин баасы учурда 91 долларды түзөт (48 миң теңге, 8 миң сом). Ар кандай валютадагы билеттердин баасы брондоо сайттарындагы чыныгы дисплейде көрсөтүлөт.
Кийинки даталарда билеттердин баасы да жогорулап, 340 долларга чейин жетет.
Кошумча окуңуз: Жайында «Ысык-Көл» аэропортунан кайсы өлкөлөргө учса болот? Багыттар, каттамдар

