Бишкекте электр самокаттарын ижарага берүү бекеттери ачылды
Кыргызстанда биринчи жолу Бишкекте SunRent деп аталган электр самокаттарын ижарага берүү жайлары пайда болду. Расмий ачылышы “Ынтымак-2” сейил багында өткөнүн бүгүн, 12-июлда борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Долбоор боюнча коопсуз электр самокаттары шаар боюнча ар кайсы жерде коюлган жана алар акылдуу кулпу менен атайын токтотуучу жайларга бекитилген. Ар бир адам атайын тиркеме аркылуу электр самокаттын кулпусун ачып, аны менен өзүнө керектүү жерге жете алат.
Электр самокаттарын шаар тургундары жана дүйнөнүн булуң-бурчунан келген туристтер гана эмес, тамак-аш жана товарларды жеткирүү үчүн түрдүү кызматтардын жана уюмдардын курьерлери да колдоно алышат.
Иштеп жаткан станциялардын жана самокаттардын саны жарыяланган жок. Болгону 100гө чейин заманбап бекеттерди, ошондой эле 1200 электр самокатын пайдаланууга берүү пландалып жатканы айтылган.
Бул эко-долбоор leasing.express лизинг компаниясы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын жана Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын колдоосу менен ишке ашырылууда.
Economist.kg маалымдагандай, биринчи велошеринг бекеттери Бишкекте июль айынын башында ачылган болчу. Бул долбоордун алкагында биринчи этапта 490 велосипед колдонууга чыгарылган. Велосипеддерди ижарага берүү бекеттери соода борборлорунун жанында жайгашкан.


