Кыргызстандын ИДПсы биринчи жарым жылда 6.3%га өстү
Кыргызстандын ИДПсы январь-июнь айларында алдын ала эсептөөлөр боюнча өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6.3%га өсүп, 335 млрд 320.2 млн сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанда экономикалык өсүүнүн терс көрсөткүчтөрү (- 1.5%) байкалган.
“Кумтөрдү” эсепке албаганда, быйылкы жылдын биринчи жарымында ИДПнын көлөмү 308 млрд 961.9 млн сомду түзүп, 3.9%га гана өстү.