Кыргызстандын тышкы соодасы импорттун эсебинен 45%га өстү
Кыргызстандын башка өлкөлөр менен болгон соодасынын көлөмү беш айда 1.5 млрд долларды түзүп, өткөн жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 45%га өстү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Мында экспорттук жеткирүүлөр 4%га кыскарса, импорт тескерисинче, 1.6 эсеге өскөн.
Ушул эле мезгилде КРнын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соодасынын көлөмү 1.5 млрд долларды түзүп, өткөн жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 21%га өскөн. Мында экспорттук жеткирүүлөр 50%га, импорт 13%га өскөн.
КР менен ЕАЭБдин ортосундагы өз ара сооданын эң чоң үлүшү Россияга (69%) жана Казакстанга (29%) туура келген.