Мигранттар беш айда КРга 1.3 млрд доллар жөнөтүштү
2022-жылдын биринчи беш айында мигранттар Кыргызстанга 1 млрд 30.3 млн доллар которушканы тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.
Ал эми апрель-май айларында өлкөгө 500 млн долларга жакын каражат которулган. Эгерде акыркы жылдардагы биринчи беш айдын көрсөткүчтөрүнө таянсак, бул жылы эң көп каражат келген.
- 2022 — 1.3 млрд
- 2021 — 986.3 млн
- 2019 — 934.8 млн
- 2018 — 972.3 млн
Ошондой эле Кыргызстанга которулган 1 млрд 30.3 млн доллардын 984 млн доллары Россиядан келген. Белгилей кетсек, 2021-жылы Кыргызстанга жөнөтүлгөн акчанын 83%ы Россиядан келип, анын агымы дээрлик 234 млн долларды түзгөн, бул 2020-жылга салыштырмалуу 25 млн долларга көп болгон.
Улуттук банктын берген маалыматына ылайык, өткөн жылы кыргызстандык мигранттар өлкөгө 2 млрд 756 млн доллар которушкан.
Кошумча окуңуз: Кыргызстан эмнеге жумушчу күчүн экспорттоого кызыкдар? – экономика мигранттардын акчасынан көз каранды