Унаа газынын баасы жыл башынан бери 25%га арзандады
Кыргызстанда жыл башынан бери суюлтулган көмүртек газынын баасы орто эсеп менен 24.6%га же 9.4 сомго арзандады. Бул тууралуу Монополияга каршы мамагенттигинин маалыматында айтылат.
«Акыркы жылдары кыргызстандыктар автоунааларды бензин жана дизель майынан унаа газына активдүү түрдө өткөрүп жатышат. Ага жараша суроо-талап да жогору болууда. Анткени ал алда канча үнөмдүү жана экологиялык жактан таза. Бензинге салыштырмалуу суюлтулган газдын баасы болжол менен 30-40%га арзан”, – дейт Монополияга каршы агенттик.
Учурда Кыргызстандын газга болгон муктаждыгы айына 9 миң тоннадан ашат. 2017-жылы суроо-талап айына 3000 тоннаны гана түзгөн.
КРнын ички рыногу Россия жана Казакстандан келген импорттун эсебинен гана камсыздалат. Өзбекстандан, АКШдан, Франциядан анча чоң эмес көлөмдө алынып келинет.
Мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, учурда Бишкекте суюлтулган газдын литринин баасы 28.4-29.3 сомду түзөт.
| Аталышы | 1.01.22 | 7.07.22 | 7 июль–1 янв % | 7 июль–1 январь (сом) |
| «Газпром нефть Азия» ЖЧК | 39.5 | 29.3 | -25.8 | -10.2 |
| «Шнос» ЖЧК (Бишкекпетролеум) | 37.9 | 28.4 | -25.1 | -9.5 |
| «Партнер нефть» ЖЧК | 36.9 | 28.4 | -23 | -8.5 |