«Альянс Алтын» компаниясы AmCham уюмуна мүчө болду
“Альянс Алтын” ЖЧКсы КРдагы Америкалык Соода Палатасына (AmCham) мүчө болду. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы билдирди.
Кол коюу аземине «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов жана AmCham уюмунун аткаруучу директору Дастан Иманалиев катышты.
«Биз Американын Соода палатасы менен кызматташууга кубанычтабыз. Алдыда чоң милдеттер турат, аларды чогуу ийгиликтүү чечебиз деген үмүттөмүн», – деди Рахматов.
Белгилей кетсек, КРдагы Америкалык Соода палатасы экономиканын ар кандай секторлорундагы көптөгөн ишканалардын башын бириктирип, жергиликтүү жана эл аралык инвесторлордун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоп келет.