Биринчи жарым жылда бюджеттин чыгымы 115.8 млрд сомду түздү
Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бюджетинин кассалык чыгашасы 115.8 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу кечээ, 12-июнда Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысына кеткен чыгым 29 млрд сомду түзгөн. Калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 7.3 млрд сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдарга 9.3 млн сом жумшалган.
Финансы министрлиги калган каражаттар республикалык бюджеттин башка артыкчылыктуу чыгымдарын каржылоого жумшалганын кошумчалады.