Энергетикалык алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгы литрине 10 сомдон ашпайт

Энергетикалык алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгы литрине 10 сомдон ашпайт

Экономика министрлиги 1-июлдан тарта күчүнө кирген энергетикалык алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгын көтөрүүнү алып салуу демилгесин көтөрдү. 12-июлда министрлер кабинетинин тиешелүү токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлган.

Министрлик 2022-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейинки мезгилде энергетикалык алкоголсуз суусундуктарга акциздик салыктын ставкасын литрине 10 сомдон 1 сомго чейин төмөндөтүүнү сунуштоодо.

Экономика министрлиги мындай чечим товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркировкалоо системасын түзүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилинде тез арада чечүүнү талап кылган бир катар көйгөйлүү маселелер аныкталгандыгына байланыштуу кабыл алынганын билдирген.

Акциз салыгынын ставкасын көтөрбөө сунушу демилгечилердин айтымында, бизнести колдоо, жогоруда аталган товарлар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана алардын калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, алардын баасынын кескин өсүшүнө жана ишкердик субъекттердин көмүскө жүгүртүүгө чыгып кетүүсүнө жол бербөө максатында сунушталууда.

2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин энергетикалык суусундуктарга акциз салыгы мурда сунушталгандай 20 сом/литр, 2024-жылдын 1-январынан тарта 30 сом/литр болмокчу.


Белгилей кетсек, 1-июлдан тарта энергетикалык сергитүүчү алкоголсуз суусундуктарды өндүрүү жана Кыргызстандын аймагына ташып келүүгө акциз салыгы алынышы керек болчу. КРнын министрлер кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы №94 токтомуна ылайык, акциз салыгынын ставкасы 1 литрине 10 сомду түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды. Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып,

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта