Кыргызстанда жарым жылда керектөө баалары 9%га кымбаттады - айрыкча Нарында (12.4%)
КРда жарым жылда керектөө баалары 9%га көтөрүлдү. Эң көп тамак-аш, алкоголсуз суусундуктардын баасы кымбаттады жана эң көп баалар Нарын облусунда көтөрүлдү. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалыматында айтылат.
Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпысынан республика боюнча 9.1%ды түздү.
Ошондой эле азык-түлүк эмес товарлардын баалары 5.1%га, тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 12.5%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баалар 11.8%га өсүп, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 3.8%га кымбаттады.
Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы республиканын бардык региондорунда белгиленген.
Муну менен бирге баалардын максималдуу өсүшү Нарын облусунда (12.4%) байкалган. Буга себеп, башка аймактарга салыштырмалуу алкоголдук суусундуктар жана тамеки заттарга болгон баалардын өсүшү (24.2%) болгон.